www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы депутаттыкка аттанды. Министр болгон кезде элди коронавирустан уу коргошун берип дарылмакчы болгон эргул, депутат болсо кандай жыландын башын кылтыйтат деген чочуулоо күч.

Негизи министр эмес, “шоу чебери” катары таанылган Бейшеналиевдин министрилик ишмердүүлүгү башталганда коом аны саламаттыкты сактоо тармагындагы адис катары көргүсү келген. Бирок ал элди илимге негизделген саясат менен эмес, пиар, шоу, популизм менен “дарылоону” тандады.

Коронавирус күчөп турган учурда ачуу уу коргошунду түз эфирде ичип, бүт дүйнөгө уят болгон. Адистер Бейшеналиевдин кадамдары илимге, медицинага каршы келет дешти. 

Министр катары системалуу, узак мөөнөттүү реформа жасаган жок. Тескерисинче, кадрдык башаламандык, жер-жерлерде дарыгерлердин кетиши, оорукана системасынын чабалдыгы, дары-дармектин жетишсиздиги күчөдү. Иштин көзүн табуунун ордуна, аны камера алдында “кооз сүйлөө” менен жабууга аракет кылды.

Арийне, уу коргошун окуясы болбогондо, балким, анын аты унутулат беле — белгисиз. Бирок ошол учурлар анын жүзүн ачты. Элге кайдыгерлик, жеке амбиция, жоопкерсиздик, жеңил пиар анын ишмердүүлүгүнүн чен өлчөмүн көрсөттү. Коррупцияга айыпталып камалып, бирок суудан кургак чыкты. Кылмыш иши кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болду. Колдоочусу күчтүү экен бүтүндөй журтка дүң болгон окуя “кар жаады из басты” дегендей, “баш айрылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде” болуп бүттү. Ал түгүл кайрадан министр болду. Бирок андан саламаттыкты сактоо тармагы жыргап кеткен жок. 

Эмичи? Депутат болом деп шымалнып турат. Министрликти жарытпаган неме Жогорку Кеңештин депутаты болуп жыргатабы? Албетте, жок. Анын министрилик ишмердүүлүгү — Кыргызстандын мамлекеттик кызматындагы кайдыгерликтин, популизмдин жана пиар саясатынын айкын үлгүсү болуп калды.

Эл ишенимине татыктуу болуу — сөз менен эмес, иш менен далилденет. Бул адамдын артында элге болгон кызмат эмес, чуулгандуу билдирүүлөр, элди таң калтырган кадамдар жана жоопсуз калган суроолор калды. Эл эсинде калуу — ар дайым жакшы иш менен болбошу мүмкүн. Кээде ал уят менен да коштолот.

Булак: NazarNews

Последние новости