www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан энергетика тармагын модернизациялоо реформасынын алкагында, Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарга параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Иштер Пакет-2 алкагында бекитилген графикке ылайык аткарылууда, анын башкы подрядчысы катары Кытайдын CNEEC компаниясы чыгат. Объектте 113 адис иштеп жатат. Курулуш-монтаждоо иштери станциянын бир нече негизги участокторунда бир эле учурда жүргүзүлүүдө.

Бул багыттагы иштердин жалпы аткарылыш деңгээли бүгүнкү күндө 26,8%ды түзөт.

Гидроагрегаттар боюнча иштер
№1 гидроагрегат:
Статорду жыйноо иштери жүрүп жатат; 
Техникалык суу менен камсыздоо түтүктөрү орнотулууда; 
Турбина шахтасынын металл беттери эски каптоодон тазаланууда. 

№2 гидроагрегат:
Техникалык суу түтүктөрү орнотулууда; 
Статордун аба муздаткычтары орнотулууда; 
Статор таяныч шакектери фрезерленүүдө; 
Басым өлчөөчү түтүктөр үчүн бетон даярдоо иштери жүрүүдө; 
Гидроагрегаттардын ортосундагы роторду ташуу иштери аткарылууда. 

№1 трансформаторду алмаштыруу иштери учурда параллелдүү режимде жүрүп жатат. Азыркы этапта даярдык деңгээли 47,8% түзөт.
Бул учурда негизги иштер катары монтажга даярдык көрүлүүдө, контролдук кабелдер жайгаштырылып жатат, ошондой эле 10 кВ бөлүштүрүү түзмөктөрүндө ток өткөргүчтөрдү орнотуу иштери аткарылууда.

Гидромеханикалык жабдуулар боюнча иштер этап-этабы менен уланууда.
Учурда жогорку бьефте иштердин 13,5%ы аткарылды, дамбаны модернизациялоо багытында 17,1%га жетти, ал эми төмөнкү бьефте — металл конструкцияларын жана жабууларды оңдоо иштери 11,2% деңгээлинде жүрүүдө.

Комплекстүү модернизациянын натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу ырааттуу түрдө өсүп жатат.
2025-жылы №3 жана №4 гидроагрегаттарды реконструкциялоо аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка чейин жогорулады.

Учурдагы этапта №1 жана №2 гидроагрегаттар жаңылангандан кийин орнотулган кубаттуулук 216 МВтка жетет. Бул кошумча 18 МВт кубаттуулуктун көбөйүшүн камсыздайт.
Ошентип, жүргүзүлүп жаткан модернизация станциянын генерациялык кубаттуулугун этап-этабы менен жогорулатып, өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.

Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегаттарды параллелдик реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын жаңылоодо маанилүү этап болуп саналат жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Последние новости