www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Ысык-Көл облусунда эки ГЭС пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, алардын бири Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы “Ананьево” ГЭСи, экинчиси Ысык-Көл районунда жайгашкан Койсу ГЭСи.
“Биздин облуста энергиянын кайра жаралуу булактары – шамал электр станциялары, чакан ГЭСтер актуалдуу болууда. Ушул багытта ишканаларды кеңейтүү боюнча иштерди пландап жатабыз. Тоң районунда бөлүнгөн жерлерде 3-4 компания иштеп жатат. Учурда ушундай 30га жакын ГЭСтерде курулуш иштери жүрүп жатат. Эгемендүүлүк күнүнө карата 2 ГЭС пайдаланууга берилет. Биринчиси, Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы “Ананьево” ГЭСи. Кийинкиси Ысык-Көл районундагы Койсу ГЭСинде да иштер аяктоо алдында турат”, - деп белгиледи Данияр Арпачиев.