www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү мектептерди оңдоого 2026-жылы 404 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештинин жыйынында депутат Бакыт Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, Агартуу министрлиги мектептерди оңдоого каражаттарды эсептөөдө класстардагы окуучулардын санына карап багыт алат.

«Бирок бул дайыма эле өзүн актай бербейт. Маселен, Таласта аянты 1,2 миң чарчы метрди түзгөн мектеп бар, анда 250 окуучу окуйт. Ал жерде 20 класс бар, ал эми оңдоп-түзөөгө болгону 80 миң сом бөлүнгөн. Мындай аз суммага кандай оңдоо иштерин жүргүзүүгө болот? Каражатты мектептин аянтынын көлөмүнө жараша бөлүү максатка ылайыктуу. Айрымдар оңдоо иштерине жардам берет деп жергиликтүү айыл өкмөттөргө үмүт артышат. Бирок алар өздөрү дотацияда отурушат, мындай маселелерди системалуу түрдө чечүү керек», — деп эсептейт Бакыт Чойбеков.

Ал ошондой эле оңдоо иштерине көп учурда ата-энелер тартыларын, бул дагы туура эмес экенин кошумчалады.

Последние новости