www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Бишкекте 6,3 миңдей ипотекалык батир берилет

Бишкек шаарында быйылкы жылы 6 миң 300дөй ипотекалык батир берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Маалымдалгандай, борбордо Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга кезекке тургандардын жалпы саны 48 миңден ашат.

“Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча 90 миңден ашуун жаран Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Менин үйүм” программасынын алкагында батир алуу үчүн кезекте турат. Кезекке турган жарандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Бишкекте 48 миңден ашык жаран кезекте туруп, жалпы кезекке тургандардын жарымын түзүүдө. Тактап айтсак, турак жайды каржылоонун “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча Бишкекте 48 миңден ашык жаран кезек күтүүдө. Быйыл борбор калаада кезек менен 6 миң 300дөй батир жарандарга берилет”,- деди Келдибеков.

Последние новости