www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жол коопсуздугун камсыздоодо санарип технологияларды колдонуунун натыйжасында жыл башынан бери 29 миңден ашык укук бузуудан мамлекеттик бюджетке 25 миллион сомдон ашык акча каражаты түшкөн. 

“Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Чүй облусунда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда 14 жаңы комплекс ишке киргизилип, Ысык-Көл облусунда алдыңкы санарип технологиялар менен жабдылган 5 заманбап экологиялык мунара орнотулган. Анын камералары 40 километрге чейинки радиустагы аймакты көзөмөлдөй алары маалымдалды.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан акыркы эки жылда жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкты. Былтыр 7 миң 423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болсо, быйылкы тогуз айда 9 миң 78 жол кырсыгы катталып, 636 адам көз жумду.

Булак: NazarNews

Последние новости