www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл 2025-жыл адамзат тарыхында эң ысык жылдардын бири болду. Климаттын өзгөрүүсү дүйнөнүн көңүлүн бурган, өзгөчө глобалдык сыноого айланды.
Учурдагы абал көрсөткөндөй, абанын орточо температурасы индустриалдык доорго чейинки деңгээлден 1,4°C жогору. Ал эми БУУнун жаңы докладында кылым аягына чейин бул көрсөткүч 2,3–2,5°C жетиши мүмкүн экени айтылды. Демек, 2015-жылы Парижде кабыл алынган “1,5 градус” убаданы сактап калуу мүмкүнчүлүгү улам алыстап баратат.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүшү 2030-жылга чейин 50% кыскарбаса, 2050-жылга чейин толук токтобосо, анда келечекте жер шаарында катуу ысык каптайт.
Акыркы он жылда 250 миллиондой адам климаттык кырсыктардан улам жер которгон. Сел, бороон, кургакчылык жана аптап көйгөйү миллиондогон адамдарды үй-жайынан ажыратууда. Бул көрүнүш жакырчылыктын жаңы толкунуна, атап айтканда азык-түлүк жана суу тартыштыгына жол ачууда.