www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору быйыл жеке компаниялар аркылуу 17 миң 167 кыргызстандык чет жакта ишке орношконун билдирди.

Алардын 6 597си аялдар.
Быйылкы жылы сыртка миграцияга кеткендердин көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен.

Ал эми Орусияны болгону 1 463 адам тандаган. Уруксат берүүдөн республикалык бюджетке 572 миң сом киреше түшкөн. 

Соңку жылдары Орусия Борбор Азиядан иш издеп барган мигранттарга талаптарын катаалдатууда. Мындан улам миграцияга кетүүнүн башка багыттарын издөө күч алганы байкалат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башында чет жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктар 608 миң деп эсептелген.

Последние новости