www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын август айында БУУнун негизсиз кармоо боюнча жумушчу тобу Темиров Live компаниясынын директору Махабат Тажибек кызынын кармалышы боюнча 52/2025 корутундусун чыгарган.
"Жумушчу топ Махабат Тажибек кызынын камакка алынышы өзүм билемдик менен болгонун жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык келишимдин алты беренесин бузганын аныктады", - деп айтылат билдирүүдө.
Жумушчу топ Кыргызстанды Махабат Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация төлөөгө жана анын укуктарын калыбына келтирүү үчүн башка чараларды көрүүгө, ошондой эле анын эркинен ажыратылышынын жагдайларын толук жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө жана анын укуктарын бузгандарга карата чара көрүүгө чакырды.
Мындан тышкары, жумушчу топ Кыргызстанды көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы куугунтуктоо өнөктүгүн тез арада токтотууга жана Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин эл аралык адам укуктары мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн мыйзамдык реформаларды тез арада жүргүзүүгө чакырды, деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Махабат Тажибек кызына карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин "Массалык башаламандык" 3-бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон.
Махабат Тажибек кызын 2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту 6 жылга эркинен ажыраткан.
Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.