www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын режиминин кулашынын бир жылдыгында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш “сансыз курмандыктарга карабастан, эч качан үмүтүн үзбөгөн сириялыктардын туруктуулугуна жана эрдигине” урмат көрсөтүүгө чакырып, өлкө саясий өткөөлдөн алда канча ашып түшкөн кыйынчылыкка туш болуп жатканын баса белгиледи.
Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
“Бул талкаланган коомчулуктарды кайра куруу жана терең бөлүнүүлөрдү айыктыруу мүмкүнчүлүгү. Бул ар бир сириялык – улутуна, динине, жынысына же саясий көз карашына карабастан коопсуздукта, теңдикте жана кадыр-баркта жашай ала турган мамлекет куруу мүмкүнчүлүгү”, – деп баса белгиледи ал.
Белгиленгендей, өткөн жылдын декабрь айынан бери БУУ Сирия бийлиги жана жарандык коом менен биргеликте кырдаалды турукташтыруу жана инклюзивдүү башкаруунун пайдубалын түптөө үчүн иштеп келет. Айрыкча маанилүү мамлекеттик кызматтарды калыбына келтирүүгө, гуманитардык жардамга жетүүнү кеңейтүүгө жана качкындардын жана ички жер которгон адамдардын ыктыярдуу жана коопсуз кайтып келишине көмөктөшүүгө бурулду.
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын декабрынан бери бир миллиондон ашык качкын үйлөрүнө кайтып келишкен.
Ал эми Сирия боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясы, адам укуктары маселелери боюнча диалогдун башталышын кубаттаган.
“Комиссия улуттук өткөөл мезгилдеги сот адилеттиги органдарынын жана дайынсыз жоголгон адамдардын тизмесинин түзүлүшүн жогору баалады. Бирок бир нече аймактарда туруксуздуктун жана сейрек кездешүүчү зомбулуктун шартында прогресстин алсыздыгы жөнүндө эскертти”,- деп айтылат маалыматта.
Укук коргоочулар жакындары жоголгон миңдеген үй-бүлөлөрдүн суроолору жоопсуз калганын эске салып, туруктуу тынчтык үчүн жазалоо циклдерин токтотуу маанилүү экенин баса белгилешкен.
Эскерте кетсек, Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын режими 2024-жылдын 8-декабрында кулаган.
Сириянын батышындагы бир нече шаарлар, анын ичинде Алеппо жана Хама шаарлары согушкерлер тарабынан чабуулга алынып, Дамаскка чейин жеткен. Натыйжада Башар Асаддын өлкөдөн чыгып кетиши менен аяктаган.
Кошумчалай кетсек, Асад династиясынын негиздөөчүсү Башар Асаддын атасы Хафез Асад болуп саналат. Ал 1971-жылы президенттик кызматты ээлеген.