www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Газага карата кол салууларында  6 ай артта калды. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн Израилге кыргынды токтотуу чакыруулары келүүнү улантууда. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам берүү  агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини Газадагы ачарчылыктын күн сайын күчөп жатканын айтты.

Газада  кызыл сызыктар менен бирге бардык сызыктардын өтүлгөндүгүн баса белгилеген Лаззарини : "Адам колу менен жасалган ачарчылык ымыркайлар менен кичинекей балдардын денесин жеп жата",- деди жана ок атышпоого чакырды. 

Бириккен Улуттар Уюмунун  оккупацияланган Палестина аймагы боюнча гуманитардык жардам координатору Жейми МакГолдрик Газадагы абалдын  апаат экенин айтты.

МакГолдрик Газа калкынын жарымынын ыктымалдуу ачарчылык коркунучунда экенин баса белгиледи.

Газадагы адамдардын ойго келбеген кыйынчылык менен күрөшүп жатканын эске салган БУУ жооптуусу, балдар арасындагы жетишсиз тамактануу көйгөйүнүн эң жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл да Израилдин Газага кол салууларынын 6-айына байланыштуу билдирүү жасады.

Туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн бир гана жолунун эки мамлекеттүү чечим экенин кайталаган Боррел, Европа Биримдигинин туруктуу тынчтык үчүн эл аралык коомчулук менен таштала турган кадамдарга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Последние новости