www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинадан дан уурдалды деген айыптоону тастыктаган фактылар БУУда жок. Бул тууралуу уюмдун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кеңсеси менен байланыштык. Алар бул айыптоолорду тастыктаган жок", — деди Дюжаррик.

Буга чейин чет элдик ЖМКлар Орусия Украинанын көзөмөлгө алган аймактарынан дан азыктарын чыгарып кетип жатат деп жазып чыккан.

Украинадан азык-түлүк алып чыгууга Москва тоскоол болуп жатат деген айыптоолорду Орусия президенти Владимир Путин жалаа деп атап, эгин экспорттоо боюнча маселе жок экенин билдирген. Ошол эле учурда ал Киевди кемелердин коопсуз өтүшү үчүн портторду минадан тазалоого чакырган. Путин данды Румыния, Венгрия жана Польша аркылуу (Дунай дарыясы менен) экспорттоого болоорун айткан. Мындан тышкары, эң арзан жол Беларусь аркылуу өтөөрүн, бирок бул үчүн санкцияларды алып салуу зарыл экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тарткан. Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов украин данын деңиз аркылуу жеткирүү өлкөнүн коопсуздугу кепилденмейинче эч кимге эгин берилбестигин билдирген. Эске салсак, буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоонун бир нече жолу бар экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости