www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ каржылык каатчылыкка кептелди

АКШ менен Кытайдын төлөмдөрү кечигип жаткандыктан, Бириккен Улуттар Уюму олуттуу каржылык кыйынчылыкка туш болду. Маалыматка ылайык, АКШ уюмга 4 миллиард доллардан ашык карыз болсо, Кытайдын төлөнбөй калган суммасы 455 миллион долларды түзөт.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш август айына карата каражат тартыштыгы күчөшү мүмкүн экенин эскертип, чыгымдарды кыскартуу чаралары башталганын билдирди. Уюм бир катар кеңселерин жаап, миңдеген кызмат орундарын кыскартууда жана тынчтыкты сактоо операцияларына кеткен чыгымдарды азайтууда.

Эксперттердин айтымында, башка ири донор өлкөлөрдүн төлөмдөрүнүн азайышы да БУУнун финансылык абалын оорлотуп жатат.

Последние новости