www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнөнүн көп бөлүгүндө аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти. Буга Тынч океандагы Эль-Ниньо табигый кубулушу себеп болуп жатканы айтылды.
Дүйнөлүк метеорология уюмунун маалыматына ылайык, океан суусунун үстүңкү катмарынын жылышы глобалдык температуранын көтөрүлүшүнө алып келип, айрым аймактарда аптапты күчөтсө, башкаларында нөшөрлөгөн жаан-чачындарды жаратат.
Адистер Эль-Ниньо адатта 2–7 жылда бир кайталанып, орточо 9–12 айга чейин созуларын белгилешти. Бул жолку кубулуштун таасири июнь–август айларында күчөшү мүмкүн экени айтылууда.
БУУнун өкүлдөрү бул көрүнүш кургакчылык, суу ташкындары, катуу шамал жана оорулардын жайылышы сыяктуу коркунучтарды күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишти. Кээ бир аймактарда, анын ичинде Борбор Азияда жаан-чачын көбөйсө, Австралия, Индонезия жана Түштүк Азиянын айрым бөлүктөрүндө кургакчылык болушу ыктымал.
Адистер Эль-Ниньонун таасири ноябрга чейин созулушу мүмкүн экенин божомолдошууда.