www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Афганстан бийлигин аялдардын билим алуусуна жана иштөөсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салууга чакырууда. Бул тууралуу РИА Новостиге БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлүнүн орун басары, уюмдун Афганистандагы гуманитардык координатору Индрика Ратватте билдирди. Ал Катарда өтүп жаткан Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитине катышууда.

«Афганстандын де-факто бийлигинин саясатынын негизги көйгөйү — аялдар жана кыздар маселеси. Билгениңиздей, 2022 жана 2023-жылдардагы буйруктар аялдардын өкмөттүк эмес уюмдарда, кийинчерээк БУУ мекемелеринде иштөөсүн чектеген. Ошондой эле аялдарга орто жана жогорку билим алууга тыюу салынган. Эл аралык коомчулук катары бул саясат биз үчүн кабыл алынгыс, андан да маанилүүсү — ал афган аялдарына терс таасирин тийгизип, алардын коомго салым кошуу жана экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Ошондуктан мен дайыма бийлик өкүлдөрүнө бул чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын айтып келем», — деди Ратватте.

Анын айтымында, азырынча өзгөчө учур катары билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген айрым аялдарга гана уруксат берилүүдө.

Последние новости