www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Сассекс герцогу Гарри жана анын жубайы Меган Маркл падышалык чиновниктердин жаласынан жапа чеккенин айткан. Марклдын айтымында, ММКларда анын жардамчыларына туура эмес мамиле кылгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.
Букингем сарайы кызматкерлердин Сассекс герцогинясы Меган Марклдын аракеттерине байланыштуу арыздарын тергөө ишин үчүнчү жактын юридикалык компаниясына өткөрүп берет. Бул тууралуу The Times гезити жазып чыкты.
Бул жубайлар менен Букингем сарайынын ортосундагы мамилени дагы да татаалдаштырары белгиленди. Булактардын айтымында, "эң жаман окуялар" тергөөнүн натыйжасында болушу мүмкүн.
Маалымат үчүн, 2-мартта "The Times" гезити пресс-катчы болуп иштеген Сассекс герцоги жана герцогинясы Джейсон Кнауфдун 2018-жылдагы электрондук почтасынын үзүндүлөрүн жарыялаган. Аларда Кнауф Марклдын сарай кызматкерлерин кысымга алганына нааразы болгон.
Анын айтымында, ал эки жумушчуга "аңчылык кылып", "аларды кызматтан кетүүгө мажбурлаган".
Эске сала кетсек Букингем сарайына Меган Маркл “каражолтой” келин болуп келген сыяктуу. Дегенибиз, Меган келин болуп келгенден бери Букингем сарайында тынчтык жок болуп, жергиликтүү ММКларга сарайдын ичинде маалыматтар байма-бай жарыяланып келет.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg