www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалык тамак-аштан уулануудан улам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жыйырма адам дарыланып жатат. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, 19 адам ооруканага жаткырылган, дагы бири амбулатордук дарыланууга алынды.

«Жабырлануучулардын абалы орточо. Бир бейтап, 34 жаштагы адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы бир аз жакшырды, текшерүүдөн кийин аны палатага которуу же которбоону чечебиз», — деди Гүлжигит Аалиев.

Бардык жабырлануучулар зарыл болгон дарылануудан өтүп жатышат.

Жабыркагандар «Буффет» ашканасында даярдалган тамак-ашты жегени кабарланган.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери мекемени пландан тышкаркы текшерүүдөн өткөрүп, лабораториялык аныктоо үчүн тамак-аштын үлгүлөрүн алышкан.

Аныкталган эреже бузуулар боюнча акт түзүлдү. 23 миң сом айып пул салынып, 11-марттан баштап ашкананын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.

Последние новости