www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүрүү кечелерине акча чогултууга тыюу салынат

Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө боюнча жыйын өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйынга жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарынын жетекчилери ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) жана окуучулардан акча каражаттарын жыйноого жол бербөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптары менен кол коюу аркылуу тааныштырылды.

«Окуу жылынын аягына чейин бүтүрүү аземдери жана башка салтанаттуу иш-чаралар үчүн акча чогултуу сыяктуу ар кандай акча жыйноолорго тыюу салынат. Эгерде мыйзамсыз акча чогултуу учурлары аныкталса, тиешелүү материалдар юридикалык баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү өзгөөчө баса белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу берген маалыматка ылайык, учурда ички иликтөө жүрүп жатат. Эгерде иликтөө тастыкталса, чогултулган бардык материалдар белгиленген тартипте укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Бул тармактагы мыйзам талаптарынын сакталышына көзөмөл туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Последние новости