www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов жана БШКнын аппаратынын кызматкерлери «Шайлоо жана референдум институтуна болгон ишенимди калыптандыруу: эл аралык байкоонун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.

Иш-чара 2026-жылдын 18–20-февраль күндөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын штаб-квартирасы - Санкт-Петербург шаарындагы Таврий сарайында өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап шайлоо технологияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, анда автоматтык эсептөөчү урналардын жана идентификациялык түзүлүштөрдүн үлгүлөрү көрсөтүлүүдө. Катышуучулар аралыктан идентификациялоо жана бюллетендерди автоматтык эсептөө процесстерине күбө боло алышат.

Электоралдык талкууларда КР БШКсынын мүчөсү К. Маматов баяндама жасап, санариптештирүү Кыргыз Республикасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жана объективдүүлүгүн камсыз кылуунун негизги куралы экенин белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системалары адам факторуна байланышкан салттуу тобокелдиктердин көбүн жоюп, бардык этаптардын ачыктыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле К. Маматов эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 7-жыйынына катышты.

Последние новости