www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон эки талапкердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу материалды карап, административдик айып салуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышы боюнча жумушчу топтун маалыматы боюниа социалдык тармактарга мониторинг жүргyayv учурунда №10 жана №№21 округдар боюнча талапкерлер тарабынан жол берилген мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, «Facebook» социалдык тармагындагы Нурба Айыл аттуу келдонуучунѵи баракчагында № 10 округу боюнча талапкер Курманкул Зулушевдин угут жүргүзүү шарттарын бузгандыгын тастыктаган фото- жана видеоматериалдар жайгаштырылган. Ушундай эле мыйзам бузуулар №21 округу боюнча талапкер Жылдыз Садырбаеванын «Instagram баракчасынан да аныкталган.

Жумушчу топ эки талапкерге тең Укук бузуулар женүндө кодекстин 65-беренесине ылайык 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндө административдик айып салууну сунуштады

БШК конституциялык мыйзамдардын жана Укук бузуулар жонунде кодексинин ченемдерин жетекчиликке алып, ыйгарым укуктуу кызмат адамына К. Зулушевге жана Ж.Садырбаевага протокол түзүп, айып пул салууну тапшырды.

Последние новости