www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу маалымдады.
Ага ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу автоматтык эсептөө урналарындагы (АЭУ) маалыматтар алдын ала болуп саналат, ал эми шайлоо тилкелеринде добуштарды кол менен саноонун негизинде тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде аларды округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.
Ошондой эле округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, алардын ичиндеги маалыматтарды кошуу жолу менен жыйынтыктык таблицаны түзөт жана округ аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Округдук шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймак боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо жөнүндөгү чечимдери добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндөн кечиктирбестен, 2025-жылдын 14-декабрына чейин округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктайт, башкача айтканда, округдан шайланган үч депутатты белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча чечимдерди кабыл алууда, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) сөзсүз түрдө карап чыгып, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.