www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди.

Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди.

Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).

Буга чейин айрым басылмалар жана депутаттар парламенттин тарашы жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылы күзүндө өтүшү ыктымал экенин билдиришкен.

20-сентябрда Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына: «Ак үйдө парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу тууралуу сөздөр болуп жатат, мындай долбоор бышып жетилген болсо, ал өлкөгө эч нерсе алып келбейт, бирок айрым кишилер үчүн пайдалуу болушу ыктымал», – деп жазган.

Парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тууралуу айың кептер жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да тастыктаган.

– Шайлоо 2020-жылы жазында же күзүндө өтөбү, айырмасы жок. Бирок баары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү – айрым кишилердин «каалоосу».

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө аягына чыгат.

Последние новости