www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Мирлан Жээнчороевди депутат катары каттады

Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссия 16-апрелде №21 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин бошогон депутаттык мандатын Жээнчороев Мирлан Канатбековичке тапшырды.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Бул округдагы депутаттык мандат ЖКнын депутаты Кубанычбек Конгантиев кызматтан кеткенден кийин бош калган. Добуштардын рейтинги боюнча мандат Чыңгыз Айдарбековго өтүшү керек болчу. Айдарбеков 1 ай күткөндөн кийин мандаттан баш тартты. Буга чейин Ички иштер министрлиги анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.

Последние новости