www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 30-ноябрында өткөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоодо эл аралык байкоочулардын ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо өнөктүгүн даярдоо жана өткөрүү учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Кыргызстанга шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келген эл аралык делегацияларды тосуп алуу, коштоо жана координациялык колдоо көрсөтүштү. Бул иш КР Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлдү.

БШК Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги, шайлоонун жүрүшүнө мониторингди талаптагыдай жүргүзүүгө көмөктөшкөн эл аралык байкоочулардын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө ак ниеттүү салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, агенттик кызматкерлеринин мындай иш-чараларга катышуусу эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо жана мамлекеттик маанилүү процесстерди колдоо боюнча системалуу иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.
 
 

Последние новости