www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва АКШ президенти Дональд Трамп Американын экономикасы, аскердик күчү жана технологиялык кубаты эл аралык оюндун эреже-тартибин ылайыкташтырып аныктайт деп жаңылып жатканын билдирди.
- Ал АКШны көйгөйгө кептеди. Иранга сокку урууну чечкенде күйүүчү майдын баасы өсүп, бул карапайым элдин башына мүшкүл болорун ойлодубу? Мамлекетти жетектеген адам башка өлкөлөрдүн эгемендигин урматташы керек, - деген ал El País басылмасына берген интервьюсунда.
Бразилия башчысы, мындан сырткары, согушта БУУнун Коопсуздук кеңеши эч нерсе кыла албай жатат деди.
"Мамлекеттердин жасап жаткан иштерин тартипке салган бир дагы орган жок болгондуктан, бул дүйнө багыты жок, жөн гана каңгып жүргөн кемеге окшоп калды. Азыр өтө кооптуу абалда турабыз. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мынчалык көп жаңжал болгон эмес. Былтыр эле ар кандай согуштарга 2,7 триллион доллар короду. Ушул акчанын бардыгы эмес, жарымын эле дүйнөдөгү сабатсыздыкты, энергетикалык көйгөйдү жоюп, 630 миллион адамды ачарчылыктан куткарып калсак болмок", - деген Луис Инасиу Лула да Силва.