www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борис Чернышов : «Евразия» АНОсынын аркасында биздин континент мүмкүнчүлүктөрдүн жана достуктун аймагына айланды
РФ Мамлекеттик Думасынын вице-спикери, АНО «Евразия» камкордук кеңешинин мүчөсү, «Жеңиш 9/45» кыймылынын уюштуруу комитетинин жетекчиси Борис Чернышов АНО «Евразиянын» ролу жана анын долбоорлору тууралуу сөз кылып, мындай деди:
«Бир жыл бою АНО «Евразия» жана анын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор өнүгүп, жаңы досторду таап, өсүп-жетилди. Башкача айтканда, алар тирүү жана иштеп жатты. Бул долбоорлор өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн гана көрсөтпөстөн, жаштардын, орто жана улуу муундагы адамдардын чоң кызыгуусун жаратты. Евразия чындап эле мүмкүнчүлүктөрдүн, баарлашуунун жана достуктун континентина айланды. Бул биз үчүн эң маанилүү нерсе.
Биздин патриоттук долбоорубуз — «Жеңиш 9/45» кыймылы, буга чейин 15 өлкөнү бириктирди, ал эми булардын арасындагы достук мамиледеги өлкөлөр гана эмес, касташкан өлкөлөр да бар. Биз 9-майда Германияда, Австрияда, Францияда иш-чараларыбызды өткөрөбүз жана бизди эч ким токтото албайт. Чындыкты токтотуу мүмкүн эмес. Ооба, кээ бир жерлерде бул ири гала-концерттер же чоң иш-чаралар болбошу мүмкүн, бирок тарыхый чындык өз ордун табат.
9-майга даярданып, биз түштүктөгү өлкөлөрдө гана эмес, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө дагы «Жеңиш 9/45» патриоттук кыймылынын үнү аркылуу жана АНО «Евразиянын» колдоосу менен чындыкты ачык айтамыз. Эң башкысы — адамдар бул чындыкты угат!»
Эске салат кетсек, «Евразия» АНО Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүчү уюм.
«Евразия» АНО – автономдуу коммерциялык эмес уюм, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Уюм салттуу баалуулуктарды сактоого, улуттар аралык байланыштарды бекемдөөгө жана коомго пайдалуу демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурат.
Негизги ишмердүүлүк багыттары:
Билим берүү жана кесиптик өнүгүү: Окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында билим берүү программалары, алмашуу долбоорлору, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар жана медиамектептер уюштурулат.
Маданият жана тарых: Тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.
Кесиптик аянтчалар жана форумдар: Мугалимдер, ЖОЖ окутуучулары үчүн профплатформалар жана форумдар өткөрүлөт.
Журналистика жана блогинг: Журналисттер менен блогерлерге колдоо көрсөтүү, алардын коомго таасирин арттыруучу гранттар жана программалар.
Медицина жана социалдык демилгелер: Коомдук ден соолукка жана социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.
«Евразия» ар кандай маданияттардын өкүлдөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө салым кошууда.