www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 5-апрелинде кабыл алынган. 

Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашуу илимий изилдөөлөр жана потенциалды жогорулатуу борборун түзүүгө багытталган, ал Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык Программасынын (мындан ары – БАРЭК Институту) сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.  БАРЭК Институтун түзүү БАРЭК регионунда экономикалык өсүштү тездетүү максатына жетүү үчүн натыйжалуу региондук кызматташтуу ыкмаларынын бири.

БАРЭК Институтун түзүү региондук экономикалык кызматташтыкка жана прогресске жетишүү жолундагы маанилүү кадамдардын бири.  Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости