www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азиянын геосаясий мааниси артты

Бишкекте өткөн ЖККУ саммити Россиянын азыркы геосаясий абалында Борбор Азияга көз карашы кандай өзгөргөнүн дагы бир жолу көрсөттү. Украинадагы согуштан кийинки эл аралык обочолонуу Москвага региондун маанисин кайра баалоого мажбурлап, Борбор Азия лидерлеринин ар бир кадамы, мурдагыдан да курч көңүл бурууга татый баштады.

Казакстандык саясат талдоочу Димаш Алжанов белгилегендей, санкциялар жана жаңы рынокторду издөө Россияны Борбор Азияга мурдагыдан дагы катуураак байлап койду. Энергетика, транзит, коопсуздук тармактарында Москва үчүн дагы деле алмашкыс өнөктөштөр жок. Ошол эле учурда аймак өлкөлөрү Вашингтон жана Брюссель менен активдүү иштешип, ички аудиторияга «көп векторлуу саясат» демонстрациялоо аракетин жасоодо. Бирок бул аракеттер толук геосаясий бурулушка айлана элек. Авторитаризм, коррупция жана инвестициялык тобокелдиктер, реалдуу интеграцияга тоскоол болуп турат.

Арийне, ЖККУ реалдуу иш аткарган структура катары көрүнгөн жок. Чынында аталган уюм формалдуу жактан сакталган, бирок мазмуну боюнча Россиянын геосаясий кызыкчылыгын коргогон структура бойдон калууда. Борбор Азия лидерлери уюмду зарылдык үчүн кармап турат. Анткени Москвадан кризис маалында колдоо алуу мүмкүнчүлүгү алар үчүн маанилүү.

Последние новости