www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Тоо текелердин сүйүүсү

Асанкан мергенчи тоо этектеп чыгып, адатынча мергенчиликке сапар алды. Ооба, бир айда эки жолу мергенчиликке чыкпаса башы ооруйт. Бул дагы өнөрдүн кулу жана азартка берилгендик экенин танып болбойт.

Күн жылуу. Тоонун бети жашыл түскө боёлуп, кудум килем салып койгондой көзгө бир укмуш кооз көрүнөт. “Жайлоонун көркү мал менен” дегендей, тоо беттеп оттоп жүргөн субай уйлар, жылкылар тим эле жай мезгилинин жакшы кезин өткөрүп жүрүшкөндөн белги бергенсийт.

Асанкан мергенчи чоң зоонун маңдайына келип, тээ мылтыктын огу жетпеген жерде бир жерден жылбай турган текени көрүп, ар тараптуу ойлордун кучагына кабылды. Анткени ушул жашка келип, мындай абалга туш болуп көргөн эмес эле.

Ооба, көзү курч, мындай жерден эмес тээ алыстан кайберендин арык-семизин билип койгон адаты бар. Бул да болсо атасынан оогон кесиптин бир белгиси экенин жашырып да болбойт.

Асанкан мергенчи тиги текенин жөн турбаганын билип, асканы айланып өтүп, жакын келип мылтык менен атып алууну ойлоду, бирок дале бир жерден жылбай турган текеден шек алып, мылтыгын оңдоп кармап, эгер кача турган болсо атып алууну ойлоп, жашынган жеринен туруп ачык эле басып текеге бута атым жакын келди. Бирок теке дале качкан жок. Эмнеге качпай бир орундан жылбай турат ага Асанкандын акылы деле жеткен жок. Ал турсун теке жакын келип калган Асанканга көңүл дагы буруп койбой, баягы калыбынан жазбады. Мындайда адам баласынын оюна нелер гана келбейт. Андан дагы айлананын кооздугу көз жоосун алса, бир орундан жылбай, ал турсун киши караанын алыстан жыт алып сезип качып кеткен кайберен тигинтип киши келе жатабы эч оюна абай турган турпаты ушунчалык Асанканды ойго салды. Эми ал качкан күндө деле мылтыктын огунан кутула албайт. Анткени аралык ушунчалык жакын. Асанкан дагы тайманбай жакын келип караса, чуңкурда жаткан ургаачы кайберенди көрүп, дароо теке ургаачысына аза күтүп турганын баамдады.

Ушунча жыл жашап, мергенчилик кылып тоодо көп жүрүп келгени мындай окуяга күбө болгон эмес эле. Бул окуяны өз көзү менен көрүп, күбө болуп кайберендер дагы бирин-бири сүйүп, бирин- бири ушунча жоктоорун капарына албаптыр.Асанкан текени атмак турсун, кайра ага бооруп ооруп, жакын жерден караса кадимкидей көзүнөн жаш агып турганын көрүп, аны аяп, бир топко олтуруп анан кеткени камынганда теке башын буруп карап кайра чуңкурда жаткан кийикке көзүн кадады.

Асанкан эмне кылышты билбей изине кайтты да, текени атпастан ойго алаксып, келе жатып ылдыйкы коңулда келе жаткан эки карышкырга ок чыгарды. Анткени алар келип текени жеп кетиши толук мүмкүн эле. Ок атылды, тынч жаткан тоо койнуна октун үнү жаңырды, бирок теке дале ордунан жылган жок. Асанкан ушул саам билди, арзууга бир гана адамдар гана кабылбай, кайберендер дагы кабыларын.

Бирок кийинки жолу келгенде, аза күткөн кайберен ордунда жок болуп чыкты аны карышкырлар жеп кеттиби же өзү бир жакка кетип калдыбы аны ачык биле алган жок. Бул да болсо жаратылыштын биз билбеген бир сыры бойдон калды.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости