www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөлтүрүк болгону менен аппетитти бөрүдөй

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Ургазиева мындай жооп берди:

“800 миң сом Тенгиз Бөлтүрүктүн жасаган кылмышынын жазасы болуп эсептелди. Ошол беренеде көрсөтүлгөн максималдуу көрсөткүч менен чектелди. Ал эми зыян боюнча алдын ала тергөө боюнча 880 миллон аныкталып, 862 миллиону ордуна коюлган. Азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында бираз туура эмес маалымат кетип жатат. Ал жасаган кылмышы үчүн жазасын алды. Ал эми Теңиз Бөлтүрүккө аукциондорду, тендерлерди өткөрүүдө мыйзам бузуу беренеси менен айып угузулган. Анда жаза 50 миңден 100 миңге чейин айып көрсөтүлгөн”. 

Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Анда Кумтөрдү башкарып жатканда 1,1 миллиард сом зыян келтиргени айтылган. Аны ушул жылдын апрел айында Бишкектин Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ачка калгандардын тизмеси көбөйүп баратат. Камакта жатканда АШАнын аялы Раиса Атамбаева: «Ачка калдык улпак жей баштадык» деп көздөрүнөн жаш шорголоткон. Бөлтүрүктүн аялы да: "Ачка калдык, Тенгиз Бөлтүрүктүн 3 айлыгын бердирип коюңуз" деп президентке кайрылып көзүнүн жашын көлдөтүп жатса, Тенгиз Бөлтүрүк кайдан эле миллиарддарды төгүп, бошоп кетет?..  Бөлтүрүктүн үй камагына чыккандан бери дымы билинбейт. Соттук процесстен кабар жок. Күнөөлүү же күнөөсүз экени ажыратылбай, ак-карасы аралашып, "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп бүтсө туура болбой калат. Кумтөрдү жеке менчигиндей эле пайдаланып, мамлекетке миллиарддаган чыгым келтирип, натыйжада камакка алынып, бир нече ай абакта отуруп, үй камагына чыгарылган Тенгиз Бөлтүрүктүн кылмыш иши ошону менен "оомийин" болду көрүнөт.

Коомдо ушунча чуу жараткан иш кумга сиңген суудай ың-жыңы билинбей калса, акыйкаттыкка ким ишенет? Деги эле Тенгиз Бөлтүрүктүн мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп үй камагына чыкканы дагы күмөн.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык ушул жылдын январь-июнь айларында “Кумтөрдөн” мамлекеттик бюджетке 4 миллиард 447,1 миллион сом түшкөнү маалым болду. Анын ичинен 4,3 миллиард сом мамлекеттик казынага “Кумтөрдүн” дүң кирешесинен салык түрүндө болсо, дагы 132 миллион 288,2 миң сому өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма түрүндө бөлүнгөн.Ал эми былтыр 2022-жылдын ушул эле мезгилинде “Кумтөр” казынаны 17 миллиард 463,4 миллион сомго толтурган. Анын 13,6 миллиард сому минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө түшкөн. Ошондо, быйыл былтыркыга салыштырмалуу 13 миллиард сом,  дээрлик 4 эсе аз салык түшкөн десек болот.  2022-жылы “Кумтөр” бюджетти 29 миллиард 429,6 миллион сомго толуктаган.  Анын көбү, 64 пайызы казынага минералдык-сырьелук база үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөм аркылуу 18,8 миллиард сом түшкөн.

“Кумтөр Оперейтинг компани” жабык акционердик компаниясынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өткөн. Өкмөт бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда жана алардын долбоордук компаниясы “Кумтөр Оперейтинг Компани” болот. Ушундан улам ишкананын акцияларына мамлекеттин ээлик кылуу зарылчылыгы келип чыкканы айтылат. Ошентип, өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик “Кумтөр Оперейтинг компанинин” акционери болуп калат.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” компаниясы 1992-жылы макулдашууга кол койгон. 1993-жылы “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы түзүлүп, 1996-жылы алтын өндүрүлө баштаган. Ошол учурда “Кумтөр Оперейтинг Компани” Кумтөр долбоору боюнча башкаруучу компания болчу.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишиминен кийин “Кумтөр Оперейтинг компанинин” 100% акциясы “Кыргызалтын” ишканасына өткөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

 

 

Последние новости