www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым аймактарында 20-августта ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-августта саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берилбейт.

Суу берүү төмөнкү аймактарда токтотулат: Чүй проспектиси, Фрунзе, Тыныстанов, Турусбеков, Баялинов жана Абдрахманов көчөлөрү, ошондой эле Жибек Жолу проспектисинен Ала-Арча суусуна чейинки Ч.Айтматов проспектисинин бөлүгү.

Убактылуу өчүрүү диаметри 325 мм болгон жылуулук тармактарынын суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Ошондой эле «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга болот.

Последние новости