www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, объекттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.
Мэриянын маалыматына ылайык, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылганы менен, объект расмий түрдө пайдаланууга берилген эмес. Ошого карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык жайлар иштеп келген.

Айбек Джунушалиев муниципалитет шаардык инфраструктураны жаңылоо максатында долбоорду колдогонун, бирок инвестор өз милдеттенмелерин толук аткарбай жатканын белгиледи.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук администрациясы 1-июлда ижарачыларга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 122ге жакын билдирүү жөнөткөн.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр соода түйүндөрү жайгашкан жер алдындагы өтмөктөгү коммерциялык жайларды мөөр басып жабууну тапшырды. Соода жайлары инвестор бардык милдеттенмелерин аткарып, объект мыйзам талаптарына ылайык расмий пайдаланууга берилгенге чейин иштебейт.

Ошол эле учурда жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода объекттеринин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.
Мындан тышкары, мэр көчмө жыйындын жүрүшүндө Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги демонтаж иштеринин жүрүшү, аймакты көрктөндүрүү жана фонтанды реконструкциялоо иштерин текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык кызматтарга курулуш жана көрктөндүрүү иштерин тездетип, аларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы берилди.
