www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мыйзамсыз чоңойтулган балкондор алынат

Бишкекте мыйзамсыз чоңойтулган балкондор кайра буздурулуп, алынат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Белгиленген талаптарды бузуу менен курулган объектилердин ээлерине мыйзамда каралган тартипте тиешелүү эскертмелер жана көрсөтмөлөр тапшырылганын айтышты.

"Айрым учурларда батир ээлери жашаган жеринде жок болгондуктан демонтаждоо иштери убактылуу жылдырылган. Анткени алар жок кезде бузууга мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу айрым балкондор азырынча алынбай турат. Ошол эле учурда мурда тиешелүү көрсөтмөлөр берилген мыйзамсыз курулган бардык балкондор милдеттүү түрдө буздурулат. Иштер эч кимге жеңилдик бербей, тандабай, белгиленген тартипте жана мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүүдө", — дешти мэриядан.

Шаардык кеңештин токтомунда балкондорду өз алдынча өзгөртүүгө, айнектөөгө, кеңейтүүгө, сырдоого же фасаддын көрүнүшүн бузгандай кылып кайра жасоого тыюу салынган.

Последние новости