www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мектептерде жайкы лагерлер иштей баштады

Бишкек шаарында 39 жалпы билим берүүчү мектептин базасында уюштурулган жайкы лагерлер өз ишин баштаганын мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жайкы мезгилде 4 880 бала эс алуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз болот.

Окуучулар үчүн чыгармачылык мастер-класстар, өнүктүрүүчү сабактар, спорттук оюндар жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, ден соолугун чыңдоого жана жайкы каникул мезгилиндеги мазмундуу эс алуусун уюштурууга багытталган ар түрдүү иш-чаралар даярдалган.

Мектеп окуучуларынын коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда эс алуусуна өзгөчө көңүл бурулган. Лагердин катышуучулары үчүн күнүнө эки маал тамактануу уюштурулган.

Жайкы лагерлердин иши балдардын каникулду кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүсүнө, өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп,  достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Последние новости