www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги кампалардын биринде төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды чет өлкөлөргө ташыган канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Алар көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенгени айтылды.

"Бишкектеги кампалардын биринен төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы апийим куурайы 350 килограммга жакын кодеин жана морфин баңги, психотроптук заттарын камтыганын көргөзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча "Бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү" жана "Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында А.Ф.К. жана А.А.К. аттуу кыргыз жарандары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости