www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда токтотулган унаанын дөңгөлөгүнө зыян келтирген жаран аныкталды.

Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда Instagram социалдык тармагында аталган окуя тартылган видео жарыяланган.

Факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин МЭЖине катталган.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында окуяга тиешеси бар жаран аныкталган. Ал 1997-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Н.Ж.га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси — «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлдү.

Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, башка адамдардын укуктарын жана мүлкүн урматтоого чакырды.

Ошондой эле талаш-тартыштарды мыйзам чегинде чечип, өз алдынча жана укукка каршы аракеттерге барбоого үндөдү.

Последние новости