www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын борборунда аялдар арасындагы волейбол боюнча курама команда түзүлдү.

Алдыдагы мелдештерге даярдыктын алкагында спортчулар жаңы оюн формасы менен камсыз болушту.

Форманы салтанаттуу түрдө Департаменттин директору Канатбек Маматов тапшырды. Мындан тышкары, команданын расмий мелдештерге катышуусу үчүн каттоо төлөмдөрү да каржыланды.

Бишкек шаарынын аялдар курама командасы 2026-жылдын 23–25-март күндөрү өтө турган Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча клубдар арасындагы XVIII чемпионаты - «Улуттук лигада» катышат.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан командалардын катышуусу күтүлүүдө.

Команданы түзүү жана көрсөтүлгөн колдоо кыз-келиндер арасында спортту өнүктүрүүгө, борбордогу волейболдун деңгээлин жогорулатууга жана Бишкек шаарынын республикалык деңгээлде татыктуу көрсөтүлүшүнө багытталган.

Последние новости