www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте турак үйдөн чыккан ири өрттү 3 күжүрмөн эсеп өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда 15-октябрда түнкүсүн Акылбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 23:11де Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:19да кошумча №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:23тө Октябрь райондук №7 өрт-куткаруу бөлүгүнөн дагы 1 күжүрмөн, жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт саат 00:11де чектөөгө алынган. Ал эми толук өчүрүү саат 02:42де ишке ашты.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.