www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Ы.К. аттуу жаран жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү болжол менен саат 05:30 чамасында «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында белгисиз адамдардан турган топ биргелешип, алдын ала макулдашылган аракеттер менен ага дене жаракаттарын келтирип, 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана болжол менен 5 миң сом турган видеорегистраторду ачык түрдө тартып алып, белгисиз багытта из жашырышкан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (Тоноо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Ж.М. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерин аныктоого, алардын ролун жана кылмышка катышуу даражасын белгилөөгө, ошондой эле мүмкүн болгон шериктештерди аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.