www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-май күнү Бишкек шаарында “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери ишкананын аймагында митинг өткөрүштү.

Алар айлык акыга убада кылынган 50% кошумча төлөм берилбей, тескерисинче маяналары кыскарганын билдиришти.

Кызматкерлердин айтымында, катардагы жумушчулардын айлыгы 53 миң сомдон 46 миң сомго чейин, ал эми айдоочулардын маянасы 63 миң сомдон 46 миң сомго чейин төмөндөгөн.

«Иш абдан көп, жадакалса жекшемби күндөрү да иштейбиз. Биз канча сөз угуп жатабыз. Унааларды ушул жыттын ичинде оңдогондо жаныбызда туруп көргүлө. Мурда мен 70 миң сом алчумун, азыр 47 миң сом болуп калды. Бул ширетүүчү үчүн акча болуп эсептелеби?» — деди митингдин катышуучуларынын бири.

Кызматкерлер ошондой эле төлөмдөрдү эсептөө системасында да карама-каршылыктар бар экенин белгилешти. Алардын айтымында, бир ай ишке чыкпаган айдоочу 55 миң сом алган учур болгон, ал эми күн сайын эс албай иштеген учурда болгону 46 миң сом төлөнгөн.

Булак: Регион ТВ

Последние новости