www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Түндүк көрүстөндө жана Бир туугандар көрүстөнүндө узак жылдар бою кароосуз калган Советтер Союзунун Баатырларынын мемориалдары калыбына келтирилди.
Иш-чара «Жеңиштин эстеликтерин сактайлы — Кыргызстан» акциясынын алкагында уюштурулуп, анын жүрүшүндө баатырлардын мүрзөлөрүнө гүл коюлду.
Акциянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын «Наша Победа — Биздин Жеңиш» издөө кыймылы болду. Иш-чарага ошондой эле «Юнармия» аскердик-патриоттук кыймылынын өкүлдөрү да катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай демилгелер тарыхый эстутумду сактоого, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдигин жаш муунга даңазалоого жана аларга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган.