www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы жубайын уруп-сабап кыйнаган шектүү кармалды, деп маалымдады Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, 11-февралда милицияга Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну мурдагы жолдошуна карата чара көрүү талабы менен кайрылган. Анын айтымында, 11-февралда шектүү ал ижарага алып жашаган үйгө келип, токмоктоп, колун кайрып, коркуткан. Тергөөгө чейинки иликтөөнүн алкагында жубайлар 2020-жылы ажырашканы, бирок мурдагы жолдошу аны азыркы чейин аңдып жүргөнү, келин 2025-жылдан бери милицияга 5 жолу кайрылганы аныкталган. Шектүүгө карата административдик чара колдонулганы менен, ал мыйзамсыз иш аракеттерин токтоткон эмес.

Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (уруп-сабап кыйноо) менен каттоого алынып, шектүү катары 1989-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

Последние новости