www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жоголгон ири суммадагы акча салынган баштыкты ээсине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдирди.
Окуя 14-февралда болгон. Кызматкерлер Эркебек Токтосун уулу жана Эламан Болотбек уулу Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен кара түстөгү кол баштыкты таап алышкан.
Баштыктын ичинде документтер жана ири суммадагы акча болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын ээси А.Т. аттуу жаран экени аныкталып, ага кайтарылып берилди. Маалым болгондой, баштыкта 1 миллион сомго жакын акча жана бардык документтер толугу менен сакталган.