www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мас айдоочу 19 жаштагы кызды сүзүп, натыйжада ал каза болуп калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Кырсык 30-ноябрда саат 4:20лар чамасында болгон. Hyundai Sonata машинасынын 19 жаштагы айдоочусу Жайыл баатыр көчөсү менен чыгышты көздөй баратып, Чортеков көчөсү менен кесилишкен жерге жетпей жөө киши өтө турган тилкеден кызды сүзүп кеткен.
Алган жаракатынан жабырлануучу көз жумган. Айдоочунун мас экени айтылды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, автоунаа айып короого токтотулган. Экспертизалар дайындалды.