www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Чүй проспекти, 166/1 дарегинде жайгашкан курулуш объектинде өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт бүгүн саат 14:55 чамасында курулуш материалдарынын күйүшүнөн улам катталган.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү-куткаруучу бөлүмдөр ыкчам жетип, өрттү толугу менен өчүрүштү.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок.
Окуянын чоо-жайын тактоо максатында тиешелүү материалдар андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.