www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бишкекте коопсуздукту сактабаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүдө.

Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү №13 дарегиндеги "Козен" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин мыйзамдуулугун тастыктаган бирдиктүү паспорттун жоктугу жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада "Козен" ЖЧКга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Последние новости