www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15–18-сентябрда Бишкек шаарында Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири кесиптик иш-чара болуп саналат.
Ага Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышат. Төрт күндүн ичинде М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана башка медициналык мекемелерде лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар, бейтаптарга консультациялар жана биргелешкен операциялар өткөрүлөт.
Программа кардиология жана кардиохирургия, онкология, педиатрия, балдар хирургиясы жана ортопедия, нейрохирургия, акушердик жана гинекология, медициналык генетика, реабилитация, лабораториялык диагностика жана саламаттык сактоону санариптештирүү сыяктуу кеңири багыттарды камтыйт.
Өзгөчө көңүл практикалык тажрыйба алмашууга бурулат. Программанын алкагында заманбап дарылоо ыкмалары боюнча көрсөтмөлүү операциялар жана мастер-класстар, анын ичинде татаал кардиохирургиялык жана интервенциялык кийлигишүүлөр өткөрүлөт.
Мындан тышкары, 15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иш алып барат. Медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда көрсөтүлөт.