www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте итке ырайымсыз мамиле жасалды делген видео боюнча милиция тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, видео 17-августта Instagram социалдык тармагына жарыяланган.

Окуя Калинин көчөсү менен Жеңиш проспектисинин кесилишинде болгону айтылат.

Милиция иттин ээсин аныктап, түшүндүрмө алуу үчүн райондук ички иштер башкармалыгына жеткирген.

Анын айтымында, ал итти айылга алып бара жаткан учурда жаныбар унаадан секирип түшүп кеткен.

Айдоочу коопсуз жерге токтоп, итти кайра унаага отургузганын билдирген.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында текшерүү иштери уланууда.

Последние новости