www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Бишкек шаарынын ишкерлерди тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар тууралуу 100 күндүк планын ишке ашыруу боюнча жыйында КРнын экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, бул борбордо 10 дон ашык мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт, бирок бүгүнкү күндө айрым ведомстволор тарабынан административдик регламентти иштеп чыгуу жай жүрүүдө, бул ишти бир аз кечеңдетип жатат.

Ишкерлерди тейлөө борборунда төмөндөгү маморгандар кызмат көрсөтүшөт:

-Тышкы сооданын бирдиктүү терезе борбор;

-Мамлекеттик салык кызматы;

-Мамлекеттик бажы кызматы;

-Баалуу металдар департаменти;

-Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

-Тышкы иштер министрлиги;

-Траспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги;

-Соода-өнөр жай палатасы;

-Бизнес-омбудсмен;

-Насыя берүү боюнча ишкерлерди колдоо фонду;

-Кепилдик фонду;

-Мамлекеттик ипотекалык компания;

-Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду.

“Азыркы учурда мамлекеттик органдар өздөрүнүн функциясын карап, маселелерди иштеп чыгууда”,-деди ал.

Соода борборунун имаратына Калкты тейлөө борбору дагы жайгашары белгиленди.

Последние новости