www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Ош базарынын аймагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Кара-Көл шаарындагы радикалдык ячейкасынын жетекчиси, 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде УКМК тарабынан издөө жарыялоо боюнча жөнөтүлгөн көрсөтмөнүн негизинде ИИМдин кызматкерлери өз тарапташтарын Кыргызстанда теократиялык мамлекет – халифат түзүүгө чакырган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөн Б.А.Т. аттуу жаранды кармашты.
Оперативдик-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран узак убакыт бою Кара-Көл шаарында “мушриф” (шаардык-райондук ячейкасынын лидери) статусун ээлеп келип, калк арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, адабияттарды таратуу, жаңы жактоочуларды тартуу менен активдүү алектенген. Ошондой эле экстремисттик иш-чараларды каржылоо максатында жөнөкөй мүчөлөрдөн каражат чогултуучу тармакты түзгөн.
Тергөө учурунда кармалган адам тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюумунун мүчөсү экенин жана Кара-Көл шаарында "мушриф" макамына ээ экенин мойнуна алган.
Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.